SerepTV Logo

Сууга чөгүп кеткен бир туугандар. "Жубайым тамак эмес, чай да ичпей калды" дейт балдардын атасы

Сууга чөгүп кеткен бир туугандар. "Жубайым тамак эмес, чай да ичпей калды" дейт балдардын атасы
SUPERTV’га Аламүдүн районунун Мурас-Ордо жаңы конушундагы бир катар тургун балдарынын ошол аймактагы көлмөгө чөгүп, каза болгонун айтып кайрылышты. Алардын бири баласынын муз тээп жүргөн жеринен муз жарылып чөккөнүн айтса, дагы бири “балам балык кармайм деп чөгүп кетти” дейт. Ал эми бир убакта эки баласынан ажыраган ата “уулум кызымды куткарам деп, экөөнүн тең өмүрүн ушул көлмө алды” дейт. “Улам бир бала чөгүп жатат. Бизге балык эмес, бала керек” деген Мурас-Ордонун жашоочулары көлмөнүн жабылышын талап кылышат. "Азыр апасынын абалы оор. Тамак, чай ичпейт. "Балдарымды унута албай жатам" деп ылайт. Мен аны сабыр кылып карап отурам. Иштей да албайм. Акимиаттан жардам беребиз дешкен, бирок азыр эч кимиси жок. Ооруканага жаткырам, дарыгерлер жүрөгү оорулуу болуп калат дешти. Бул көлмөнү жок кылбаса болбойт", - деди ал. https://youtu.be/gXk2cTv4Mww