"Суу жээктен бут кийими табылган". Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 3 жашар бөбөк тууралуу маалымат
Ысык-Атанын Дружба айылынан аккан Чоң Чүй каналынан 3 жашар бөбөктү издешүүдө. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Видеодон эркек кишилердин суунун ортосуна чейин тизилип жатканын көрүүгө болот.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти.
"19-августта саат 18:46 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Дружба айылында 2021-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барбаганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Ысык-Ата РИИБдин электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп кеткен. Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен ага таандык бут кийим табылып, азыркы учурда ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте 3 жаштагы баланы издөө иштери жүрүүдө",- дешти.