SerepTV Logo

Сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды
Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Бишкектеги катталган өрттө болсо, Аламудун-1 кичи районундагы Загорская көчөсү №44 дарегиндеги үйдүн жанында “Ауди А-4” үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөнү айтылды. Учурда бул өрттүн себептери такталууда. Ал эми Баткен районундагы өрт Бужун айылында турак үйдөн чыккан. Анда үйдүн 12 чарчы метр шыбы менен ичиндеги буюмдар күйгөн. Бул кырсыктын да себептери такталууда.
Unknown Author