Сургуттагы унаа оңдоочу жайда газ баллон жарылды. 3 кыргызстандык жаракат алды
Кечээ, 15-декабрда саат 18:00 чамасында Орусиянын Сургут шаарындагы унаа оңдоочу жайда газ баллон жарылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен жалпы 10 адам жабыркады. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, алардын ичинен үчөө кыргызстандык:
- 1979-жылы туулган Э.Ж.И.
- 1981-жылы туулган К.Б.Х.
- 1990-жылы туулган Х.Э.К.