SerepTV Logo

Судья жана прокурордун орун басары пара менен кармалышты

Судья жана прокурордун орун басары пара менен кармалышты
Башкы прокуратура тарабынан Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы жана райондук прокурордун орун басары 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты. Жумгал районунун судьясы райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, жарандан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу беренеси менен айыпталган. Анын жакын тууганына карата сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан. Прокурордун орун басары убактылуу кармоо жайына киргизилди.