SerepTV Logo

Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев камакка алынды

Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев камакка алынды
Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты. Маалыматка караганда, ал 13-июлга чейин камакта болот. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал коррупцияга шектелип жатат. Алиярбек Абжалиев 2021-жылдын март айында мыйзамсыз баюуга шектелип, июль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын мамлекетке 50 миллион сом төккөнүн айткан. 2022-жылы 11-февралда Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы маалым болгон. Анда УКМКга ишкер арыз менен кайрылып, ал 2 миллион доллар өлчөмүндө зыян тартканын айтып, бул кылмышка шектелип, мурдагы депутат кармалган болчу. Март айында камактан бошотулган. Экс-депутат алдамчылык иши боюнча келтирилген 1,2 миллион доллар зыяндын ордун толугу менен төлөп берген.
edita