Соңку бир аптада 23 миңдей жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 12-июндан тартып, 16-июнга чейин алдын ала маалымат боюнча 22 825 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 347;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 278;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 70;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 938;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4071;
- Авто ээнбаштык - 3;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4689;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 427;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1537 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.