Соңку апта ичинде мас абалында 319 айдоочу аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 6-майдан тартып, 12-майга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 023 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 313;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 319;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 74;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 780;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 418;
- Авто ээнбаштык - 8;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 457;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 653;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 683 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.