SerepTV Logo

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынган абалда табылды

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынган абалда табылды
Бүгүн, 2-апрелде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. “Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берилип, күнөөлүүлөргө чаралар көрүлөт. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”, - дешти.