Сокулуктагы тегирмен мамлекетке өттү
Чүй облусунун Сокулук айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дан тегирмени мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында сметалык баасы 331 миллион 391 миң сомдук дан тегирмени, 2,4 га жер аянты менен мамлекетке кайтарылды. «Колос» дыйкан чарбасынын төрагасы 2023-жылдын 22-ноябрында 13 дыйкан чарбанын кызыкчылыгына каршы 2,4 гектар болгон дан тегирменин өзүнүн наамына мыйзамсыз түрдө каттатып алган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="269146,269147,269148,269149,269150,269151"]