Сокулуктагы шифер чыгарган заводдон өрт чыкты (сүрөт)
Кечээ, 8-июнда Сокулук районунун Учкун айылындагы пластмасс жана шифер чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт “Шифер-Голд” заводунан чыккан. Анда 1300 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Саат 20:45те өрт чектөөгө алынып, саат 00:05те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон эмес. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53149,53150,53151"]