SerepTV Logo

Сокулуктагы мунай зат сакталуучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Сокулуктагы мунай зат сакталуучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен мунай зат сакталуучу базадагы өрт саат 19:22де толугу өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Заманбап техникалардын жардамында күйүүчү майга толтурулган 40 тонналык 5 цистерна сакталып калды. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 8 бөлүм, Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу тартылды. Мындан сырткары, "Кыргызтемир" жол ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 Тез жардам унаасы иштеди.
Өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди. Учурда алардын өздүгү такталууда. Ошондой эле күйүүчү май сакталуучу 5 цистерна, 6 унаа күйгөн. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="186786,186787,186788"]