SerepTV Logo

Сокулуктагы мектепке бомба коюлганын айткан окуучу аныкталды

Сокулуктагы мектепке бомба коюлганын айткан окуучу аныкталды

Сокулукта мектепте бомба бар экенин айткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 13-ноябрда саат 08:25 чамасында Сокулук РИИБге №1 мектепте бомба бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция мектепти курчоого алган. Окуучу менен мугалимдер эвакуацияланган. Кылмышка шектүү катары Сокулуктун тургуну ошол эле мектептин 2007-жылы туулган окуучусу аныкталды. Тергөө уланууда.