SerepTV Logo

Сокулуктагы жол кырсык 21 жаштагы жигиттин өмүрүн алды

Сокулуктагы жол кырсык 21 жаштагы жигиттин өмүрүн алды
Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, КамАЗ менен Honda Avancier үлгүлөрүндөгү унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Honda Avancier унаанын айдоочусу 2000-жылы туулган эркек киши каза болгон. Жерине Сокулук райондук ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
edita