Сокулуктагы аялын жаткыра сабаган эркектин окуясы. Аял арыз жазуудан баш тартты
Кечээ, 20-июль күнү социалдык тармактарга тараган күйөөсүнүн түн жарымында аялын сабаган видеосу тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуянын чоо-жайын билдирди.
- 2022-жылдын 20-июлунда «Тик Ток» социалдык булагына Сокулук айылынын тургуну жубайына зомбулук көрсөтүп жаткандыгын тартып алган видео тараган.
Бул билдирүү Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук китепчесине катталып, алгачкы текшерүү амалдары башталган.
Бул окуя боюнча 1979-жылы туулган К.И. аттуу жаран суралып, ал Сокулук айылында үй-бүлөсү менен чогуу жашаарын билдирген. Ошондой эле 2022-жылдан 19-июлунда болгон окуя боюнча, ал келинчеги менен пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин жана анын келинчеги ага таарынып көчөгө чыгып кеткен себептен анын артынан эшикке чыгып колунан кармап жетелеп келе жаткан учурда ал кулап жерге отуруп алгандыгын билдирген.
Мындан тышкары Ы.А. аттуу айым жогоруда көрсөтүлгөн даректе жолдошу И.К. жана балдары менен бирге жашарын билдирип, окуя туурасында ал жолдошуна таарынып көчөгө чыгып кетип, артынан жолдошу келип үйгө жетелеп басып бара жаткан учурда чалынып жерге кулап түшкөнүн билдирип, эч кандай зомбулук болбогонун айтып жолдошуна арыз жазуудан баш тарткан.