Сокулукта сел жүрдү. Тазалоо иштери бүгүн улантылат (сүрөт)
Кечээ, 14-июлда Чүйдө жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук районунда саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел агып Сокулук айылынан Төш-Булак айылына жана Кашка-Суу жайытына баруучу унаа жолдун болжол менен 2-3 чакырым аралыгын суу каптаган. Жерине абалды билүү жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Сокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган. Унаа жолу ачык, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жок. Төш-Булак айыл аймагына 1 экскаватор тартылып, унаа жолду тазалоо иштерин жүргүзүп, кеч киргендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган. Бүгүн, 15-июль күнү улантылат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="64380,64381,64382"]