SerepTV Logo

Сокулукта сабалган 16 жаштагы өспүрүм. Шектүү катары 64 жана 59 жаштагы кишилер кармалды

Сокулукта сабалган 16 жаштагы өспүрүм. Шектүү катары 64 жана 59 жаштагы кишилер кармалды

Сокулук районунда өспүрүм баланы ур-токмокко алган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

29-сентябрда милицияга 1974-жылы туулган Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну кайрылып, ошол эле күнү 2007-жылы туулган уулун себепсиз сабап, денесине жаракат келтирген жаранга, анын уулуна чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган. Алдын ала териштирүү учурунда топтолгон материалдардын негизинде, бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү катарында 1959 жана 1964-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.