SerepTV Logo

Сокулукта өз атасын өлтүрүүгө шектелип 25 жаштагы уулу кармалды

Сокулукта өз атасын өлтүрүүгө шектелип 25 жаштагы уулу кармалды
Сокулук районунда атасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 4-июль күнү саат 00:42 чамаларында Сокулук РИИБге Дача-СУ айылынын 55 жаштагы жашоочусу киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция жерине барып, каза болгон жарандын денесин кароо учурунда, анын денесинде кесилген жаракаттары аныкталып, ал киши колдуу болгону такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектеклип, каза болгон жарандын 25 жаштагы баласы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, окуянын себептерин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.