SerepTV Logo

Сокулукта окуучу бала асынган абалда табылды

Сокулукта окуучу бала асынган абалда табылды
Чүйдө 8-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 21-январда Сокулук РИИБге Сокулук аймактык ооруканадан маалымат түшүп, анда 2010-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денеси түшкөнүн билдиришкен. Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, териштирүү башталган. "21-январда саат 08:00 чамасында 8-класстын окуучусу мектепке барам деп үйүнөн чыккан. Бирок 40 мүнөттөн кийин жакындары аны асынган абалда сарайдан табышкан. Бул факты боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат",- деп айтылат маалыматта.
edita