SerepTV Logo

Сокулукта күйгөн фура жана кафедеги өрт толугу менен өчүрүлдү

Сокулукта күйгөн фура жана кафедеги өрт толугу менен өчүрүлдү
Сокулукта күйгөн фура жана кафедеги өрт толугу менен өчүрүлдү. "Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 09:37де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 280 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок", - деп билдирет ӨКМден. Бүгүн, 2-февралда Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө  “Вольво 420” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан (ичинде газ баллондору жүктөлгөн) өрт чыгып, жакын жайгашкан "Жигитос" кафесине өткөн.