SerepTV Logo

Сокулукта көлмөдөн изделип жаткан кишинин сөөгү табылды

Сокулукта көлмөдөн изделип жаткан кишинин сөөгү табылды
Сокулукта көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 20-июнда Сокулук айылында көлмөнүн жанында 1964-жылы туулган эркек кишинин кийимдери табылып, сууга түшүп кетүүсү мүмкүн деген күмөн менен 102 кызматына маалымат түшкөн. Бүгүн, 22-июнда жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 6 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Unknown Author