Сокулукта газ баллондору менен фура күйүп, жалын кафеге өтүп кеткен
Бүгүн, 2-февралда Сокулук районунда саат 04:30 чамасында газ баллондору жүктөлгөн жүк ташуучу унаа күйүп кеткен. Жалын жанындагы кафеге чачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де Чүй облусу боюнча Сокулук райондук 2 өрт өчүрүүчү эсеби тартылды. Өрт саат 06:05те чектөөгө алынды", - деп жазылат билдирүүдө.
Жабыркагандар жок. Кафенин күйгөн аянты болжол менен 230 чарчы метрди түзөт.