SerepTV Logo

Сокулукта чырдан улам 50 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүү кармалды

Сокулукта чырдан улам 50 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүү кармалды
Сокулукта адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 8-декабрда саат 21:00 чамаларында Сокулукта спирт ичимдигин ичип отурган 1973-жылы туулган жаран менен 1983-жылы туулган жарандардын ортосунда чыр чыккан. Кесепетинен 1973-жылы туулган жаран көз жумган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.