Сокулукта аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды
Сокулукта аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
3-февралда Лесной көчөсүндө Д.Н. жана Д.З. аттуу жубайлар ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Жеринде териштүү иштери жүрүп, чырды болтурбоо үчүн коргоо ордери берилген.
"Тергөөдө белгилүү болгондой, 4-февраль саат 8:00 чамасында кызганычтан жубайлар ортосунда чыр чыккан. Д.Н. аттуу киши аялынын ар кайсы жерине бычак менен сайгылап, натыйжада жубайы ошол жерден көз жумган", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголуп, 40 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.