SerepTV Logo

Сокулукта айдоочу жылкыны сүзгөн. Жылкы унаанын ичине кирип кеткен (видео)

Сокулукта айдоочу жылкыны сүзгөн. Жылкы унаанын ичине кирип кеткен  (видео)

Сокулук районунда унаа жылкыны сүзүп кетти. Видео «Короче» Телеграм-каналында жарыяланды.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсык бүгүн түнү Кашка-Баш айылында болгон. Ат унаанын алдыңкы айнегин тешип, ичине кирип кеткен. Айдоочунун абалы боюнча маалыматтар такталууда.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгынын чоо-жайын тактап жатканын айтты.