Сокулукта 50 жана 46 жаштагы кишилер дүкөн тоноого аракет кылышкан
Сокулук районунда дүкөндү тоноого аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
25-сентябрь күнү саат 04:20 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Сокулук районундагы айылдардын бириндеги азык-түлүк саткан дүкөндү белгисиз бирөөлөр тоноого аракет кылып жатышканын билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39-201-беренеси (тоноого аракет кылуу) менен катталган.
Сокулук РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 50 жана 46 жаштагы кишилер кармалышкан. Териштирүү учурунда кармалган жарандар буга чейин сот жообуна тартылганы маалым болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="75154,75155"]