Сокулукта 46 жаштагы ишкерди көчөдө унаага салып кеткен соң, туугандары милицияга кайрылышкан
Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды. Алар өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкерлери катары тааныштырышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
22-июнь күнү Бишкек шаарынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызында ушул эле күнү кечинде Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп, белгисиз адамдар арыздануучунун 46 жаштагы тууганын BMW X5 үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирип, аларга карата чара көрүп берүүнү суранган. Топтолгон документтердин негизинде 23-июнь күнү «адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн билдиришкен.
Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Милиция кызматкерлерине шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо үчүн бир күнгө жакын убакыт кетип, алар Ноокат районунун аймагынан табылган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери конуштардын биринен шектүү унааны байкашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон. Шектүүлөр жана уурдалган жаран турган үйгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери киришкен. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган. Кылмышка шектүү катары 1991 жана 2000-жылы туулган 2 жигит кармалган. Бардыгы Ноокат районунда туулуп-өскөн Бишкек шаарынын тургундары. Учурда соттун чечими менен кармалгандар эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="188446,188447,188448,188449,188450"]