SerepTV Logo

Сокулукта 28 жаштагы келинди өлтүрө сабаган делип күйөөсү кармалды

Сокулукта 28 жаштагы келинди өлтүрө сабаган делип күйөөсү кармалды

Сокулук районунда аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жеринде милиция кызматкерлери тарабынан 28 жаштагы келиндин денесинде ар кандай жараттары бар жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип, 38 жаштагы жабырлануучунун жолдошу кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жубайлардын ортосунда кызганычтан чыр чыгып, шектүү аялын өлтүрө сабап салган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

edita