SerepTV Logo

Сокулукта 25 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

Сокулукта 25 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду
Сокулукта 25 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-сентябрда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө төрөттөн кийин 1999-жылы туулган келиндин каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу келин көз жумган Сокулук аймактык ооруканага барганда төмөнкүлөр аныкталган. 25 жаштагы кош бойлуу келин Сокулук районундагы төрөт бөлүмүнө 7-сентябрь эртең менен саат 08:20да түшкөн. Ошол эле күнү саат 15:40 чамасында ал уул төрөгөн. Саат 17:45 чамасында абалы начарлап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кечки саат 21:45те көз жумган. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүүдө.