SerepTV Logo

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 18 жылга эркинен ажыратылды

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 18 жылга эркинен ажыратылды
Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү март айынын башында Сокулук райондук соту чыгарган. Ошондой эле шектүүнүн үй-бүлөсү айылдагы үйүнө кайра көчүп келишкени да маалым болду. Өткөн жылдын декабрь айында Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында орун алган бул окуя коомчулукта резонанс жараткан. Кыздын атасы SUPERTV'га маек берип, кызын чачынан сүйрөп, тишин жана колун да сындырганын айтып берген. Айылдын тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүнүн көчүрүүнү талап кылышып, алар SUPERTV'га берген маегинде жабырлануучунун үй-бүлөсүнөн кечирим сурашкан.