SerepTV Logo

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктады делген жарандын атасы айылдан көчүп кетүү талабына жооп берди

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктады делген жарандын атасы айылдан көчүп кетүү талабына жооп берди
Бүгүн, 7-декабрда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар сотуна чогулушту. Айыл тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылып, 3 күн убакыт беришти. Болбосо, жазалоого чыгабыз деп коркутушту. Чогулгандардын арасында турган шектүүнүн атасы айылдан көчүп кетпестигин айтты. "Мен көчө албайм!" - деди ал. Кечээ, 6-декабрда милиция маалымат таратып, Сокулукта 16 жаштагы кыздын зордукталганын билдирген эле. Маалыматка караганда, кыздын атасы милицияга кайрылып, 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген. Ал эми бүгүн, 7-декабрда тургундар аксакалдар сотуна кайрылышып, шектүүгө айылдан көчүп кетүү талабы коюлду.