SerepTV Logo

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында камалып турган шектүү каза болду

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында камалып турган шектүү каза болду
Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында камалып турган шектүү каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин баса сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2-март күнү таң эрте Сокулук РИИБдин кызматкери убактылуу кармоочу жайда камалып турган, 1970-жылы туулган К.Р. аттуу жаранды эч-учун жоготкон абалда табышкан. Дароо ал жерге тез жардам кызматы чакырылган. Дарыгерлер текшеришип, жарандын каза болгонун айтышкан. Тиешелүү кызматтар жана соттук медициналык эксперттин катышуусунда зарыл чаралар көрүлүп, өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн экспертизалар дайындалган. “Каза болгон жаран Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча шектелип кармалып, эки айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери дайындалып, ИИМдин, Чүй ОИИБдин жетекчилиги жана прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынган”,- деп айтылат маалыматта. Бул окуя бирдиктүү реестрге катталып, чогултулган материалдар мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.
edita