SerepTV Logo

Сох дарыясынан 57 жаштагы Баткендин тургунунун жансыз денеси чыгарылды

Сох дарыясынан 57 жаштагы Баткендин тургунунун жансыз денеси чыгарылды
Баткендеги Сох дарыясынан сууга чөгүп кеткен 57 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Ак-Турпак  айылынын Сох дарыясына 1965-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Жерине 13 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзгөн. 29-июнь күнү саат 6:20да жансыз дене табылып, туугандарына өткөрүп берилген.