SerepTV Logo

Соцтармакта сел агызып кеткен аял менен кыздын видеосу тарап жатат

Соцтармакта сел агызып кеткен аял менен кыздын видеосу тарап жатат
Соцтармакта сел агызып кеткен аял менен кыздын видеосу тарап жатат. Кадрга түшүп калган эки адамдын кечээ, 14-июлда сел алып кеткен келин менен анын кызы болушу мүмкүн дешүүдө. Бүгүн, 15-июль күнү Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей жеринде) аял кишинин сөөгү табылган. Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял киши (кыздардын апасы) экени аныкталды. Ал эми анын 7 жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынан Шахрихонсой сайынан табылды.