SerepTV Logo

Соцтармак аркылуу экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтууга шектүү аял кармалды

Соцтармак аркылуу экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтууга шектүү аял кармалды
Социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн делген аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында социалдык тармактарда диний-экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн аял кармалган. Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы тургуну Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” - Ирак, Шам ислам мамлекети диний-экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн. Жогорудагы аталган диний уюмдар Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылы террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул факты Баткен ОИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.