Соцтармак аркылуу баңгизат сатып жүргөн 28 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматта сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан интернет аркылуу «Телеграм» социалдык тармагында «@LuCHiKso» аттуу аккаунту менен психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган фигурант аныкталганы айтылат.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында борбор калаада мыйзамсыз аракеттерин жасоого шектүү катары К.А. аттуу 28 жаштагы Орусия Федерациясынын жараны кармалган.
Тинтүүнүн натыйжасында жарандын батиринен таблетка түрүндөгү кызгылт-сары түстүү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 41 граммды түзгөн, жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="27343,27342,27341,27340,27339,27338"]