SerepTV Logo

Сирияда согушуп жүргөн террористтик эл аралык уюмдун мүчөсү кармалды

Сирияда согушуп жүргөн террористтик эл аралык уюмдун мүчөсү кармалды
УКМКнын кызматкерлери Сирияда согушуп жүргөн террористтик эл аралык уюмдун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, ал 16-декабрда кармалган. “Кыргыз жараны Сирияда аскердик даярдыктан өтүп, террордук топтун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан” деп билдиришет комитеттен. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иш-амалдары жүрүп, ал тарабынан жасалган кылмыштардын башка эпизоддорун ачыкка чыгаруу жана кылмышка тиешелүү байланыштарын териштирүү иштери уланууда.
Unknown Author