SerepTV Logo

Шамалдын кесепетинен Нарын менен Ысык-Көлдө зыянга учураган имараттар боюнча маалымат

Шамалдын кесепетинен Нарын менен Ысык-Көлдө зыянга учураган имараттар боюнча маалымат
Кечээ, 18-майда катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган аймактарда райондук жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  Иликтөөнүн жүрүшүндө кечээки күнгө карата төмөндөгүдөй кырдаалдар түзүлгөнү аныкталды: Ысык-Көл облусунда: - Каракол шаары боюнча 5 көп кабаттуу үйдүн, 1 жер үйдүн, 1 медициналык окуу жайдын, 1 чарба курулуштун чатырларын учуруп, 1 унаа жабыркаган жана 3 бак кулаган; - Ак-Суу району: 84 үйдүн, 3 мектептин, 3 бала бакчанын, 3 бейтапкананын, 1 машыгуу залынын, 56 чарба курулуштардын чатырларын учуруп, 18 трансформатор жабыркаган жана 113 бак кулаган; - Жети-Өгүз району: 23 турак үйдүн, 1 кафенин, 4 мектептин, 1 бала бакчанын, 1 салык кызматынын имаратынын, 65 чарба курулушардын чатырларын учуруп, 1 унаа жана 6 трансформатор жабыркаган, 14 бак кулаган; - Түп району: 2 үйдүн, 3 чарба курулушардын чатырларын учуруп, 300 метр электр чубалгылары жабыркаган. 1 унаа жана 6 трансформатор жабыркаган, 14 бак кулаган; - Тоң району: 5 турак үйдүн, 1 конок үйдүн, 3 чарба курулушардын чатырларын учуруп, 2 бак кулаган; - Ысык-Көл району: 1 унаа жабыркаган жана 14 бак кулаган; ?Жалпы облус боюнча 5 көп кабаттуу турак үй, 217 турак үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуштар, 3 даана унаа, 26 трансформатор жабыркаган жана 139 бак кулаган. Нарын облусу боюнча: - Э. Дайракунов айыл аймагындагы Жерге-Тал айылында 1 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен; - Дөбөлү айыл аймагынын Кайынды айылында 1 турак үйдүн, Таш-Башат айылында 1 турак үйдүн жана Дөбөлү айылынын сарайдын чатырланын учуруп кеткен; - Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылында 1 турак үйдүн жана 1 маданият үйүнүн чатырларын учуруп кеткен. - Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында 1 турак үйдүн жана 1 сарайдын, Куйбышев айылында 1 турак үйдүн, 1 цехтин, Миң-Булакта 2 турак үйдүн жана 1 сарайдын, Жер-Көчкү айылында 8 турак үйдүн, 8 сарайдын, 5 кампанын, 1 времянканын, 1 бастырманын чатырларын учуруп кеткен жана 1 турак үйдүн сырткы жасалгысы жабыркаган. - Оттук айылында 1 сарайдын, Эмгекчил айылында 1 сарайыдын, Лахол айылында 12 турак үйдүн, 2 времянканын, 1 бастырманын, 1 дүкөндүн, 1 гараждын, 11 мал кароосунун, 6 кампанын чатырын учуруп кеткен жана 1 сырткы короодогу дубалын, 1 заборун кулаткан.- - Учкун айыл аймагынын Куланак айылында 1 орто мектептин чатырын учуруп кеткен.- Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылында 1 времянканын, 5 мал короонун, 1 тегирмендин чатырларын учурган.
edita