SerepTV Logo

Шаардык сот судьяны алмаштыруудан баш тартты. Мелис Аспеков ачкачылык жарыялай турганын айтты

Шаардык сот судьяны алмаштыруудан баш тартты. Мелис Аспеков ачкачылык жарыялай турганын айтты
Бишкек шаардык сотунда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп айыпталган жарандык активист Мелис Аспековдун кылмыш иши боюнча соттук отурумдун алкагында судья Жамиля Сабитованы алмаштыруу боюнча өтүнүч каралды. Берилген арыз боюнча чечим чыгаруу үчүн судьялар Бекташев менен Динеев кеңешүү бөлмөсүнө кетишти. Болжол менен 40 мүнөттөн кийин судьялар Соттук коллегиянын чечимин чыгарышты - судьяны алмаштыруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартышты. Өз кезегинде айыпталуучу Мелис Аспеков нааразычылык иретинде сот залынан алып чыгууну суранды. «Ызы-чуу салып, мени залдан чыгарууну сурангым келбейт. Кургак ачкачылык жарыялайм. Мага бир нерсе болуп кетсе, силер жооп бересиңер», - деди ал сотторго кайрылып. Судья Динеев бул ишти калыс кароого соттук коллегия да кызыкдар экенин түшүндүрдү. Сот залынан чыгарылып бара жатканда Аспеков соттук отурумду жылдырууну суранган. Соттук отурум жылдырылды.