Шаар тургунун бычак менен коркутуп, акчасын тартып алышкан. Шектүүлөрдүн бири кармалды
Бишкекте киши тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 31-мартта Витебская жана Маяковский көчөлөрүнүн кесилишинде шаар тургуну каракталганы тууралуу маалымат түшкөн.
Анда бир нече киши жабырлануучуну өлтүрөбүз деп коркутуп, 16 миң сомун тартып алышкан.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 29 жаштагы шектүүнү колго түшүрүштү. Ал баш калаанын Свердлов райондук ИИбине териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн алынып келди. "Тоноо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.