SerepTV Logo

Семёнов чокусуна кеткен чет өлкөлүк жаран дээрлик 1 айдан бери табыла элек

Семёнов чокусуна кеткен чет өлкөлүк жаран дээрлик 1 айдан бери табыла элек

Семёнов чокусуна кеткен чет өлкөлүк жаран дээрлик 1 айдан бери табыла элек.

ӨКМден билдиришкендей, кечээ, 10-августта Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө "Эдельвейс" кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен. Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшөт.

Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат. "Семёнов — Тянь-Шанский" чокусуна 14-июлда 34 жаштагы чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө "Эдельвейс" тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип келген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="194711,194712,194713"]