SerepTV Logo

Семёнов чокусуна чыгып кеткен чет өлкөлүк жаран 11-күн изделип жатат

Семёнов чокусуна чыгып кеткен чет өлкөлүк жаран 11-күн изделип жатат

Бүгүн, 25-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов – Тянь-Шанский" чокусуна чыгып, дайынсыз болгон адамды ӨКМдин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун "Эдельвейс" тоодо куткаруу кошуунунан 8 куткаруучу издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.

Эске салсак, 14-июль күнү аталган чокуга чыккан 32 жаштагы чет өлкөнүн жараны дайынсыз болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен. ӨКМге түшкөн билдирүүдөн улам куткаруучулар тоодо куткаруу, издөө иштерин тынымсыз улантышууда.