Селекцияда кулак-мурду кескиленген келиндин агасы каргаша болгон үйдү көрсөттү (видео)
20-сентябрда Сокулуктун Селекционное айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң аткыча кыйнаган. Бычак менен келтирилген жаракаттардан соң жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ага 8 саат оор операция жасалып, 21-сентябрда палатага которулду. Жабырлануучунун агасы жана апасы окуя тууралуу айтып беришти.
"Саат 7лерде карындашымдын улуу баласы үйдөн чыгып кеткенден кийин жолдошу 3-кабаттан түшүп, эшикти ачары менен бетине эки жолу урган. Жерге кулаган. Сүйрөп барып, кулак-мурдун курулуш бычагы менен кесип, мазактаган. Кошунасы милицияга чалып, кошунасы эшикти ачып берген. Ошондо күйөөсү милицияга да кол салган. Колу-бутун кайрып, алып чыгып кеткен. Кулагы, мурдунун кесиндилери ушул жерде жаткан экен, милиция чогултуп, медиктерге алып кетиптир. Ушул жерде тамеки чегип, сырасын ичкен. Канды тазалайм деп майлык менен сүрткөн. Кичүү баласы да мектепке кетип бараткан окшойт, ал аталап кыйкырыптыр. "Кир ары, сени да мууздайм" деп айтканы үчүн бөлмөсүнөн чыкпаптыр", - деди агасы.
https://youtu.be/0m1KNcf9QhM