SerepTV Logo

Селекцияда бети менен моюну кескиленген аялга операция жасалып жатат

Селекцияда бети менен моюну кескиленген аялга операция жасалып жатат

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бети, моюну кесилип, ооруканага түшкөн аялдын абалы тууралуу маалымат беришти. 

20-сентябрда саат 11:00дө ал Улуттук госпиталга которулган. Ага бети жана моюну кесилген деген диагноз коюлду.

«Саат 11:30да бейтап хирургдардын жана микрохирургдардын катышуусунда операцияга алып келинди. Учурда операция уланууда, дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти. Бүгүн, 20-сентябрь күнү милицияга Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган жаран денесине бычак менен келтирилген жаракаттар менен ооруканага жеткрилгендиги боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча 130-берене (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.