SerepTV Logo

Селдин кесепетинен Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды (видео)

Селдин кесепетинен Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды (видео)

Оштогу Кара-Суу районунда сел жүрүп, Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптаган. Ал жерге тазалоо иштерин жургүзүү максатында 1 жүктөгүч тартылды. Учурда каттам эки тараптуу жабык. Кошумча маалымат берилет.