SerepTV Logo

Селден улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селден улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган. Андан сырткары 29 турак үйдүн там аркаларын суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген", - деп айтылат маалыматта. Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барышууда.