SerepTV Logo

Селден улам Ак-Терек - Папан - Кожо-Келең жана Культцентр-Чөгөм-Загара унаа жолдору жабылды

Селден улам Ак-Терек - Папан - Кожо-Келең жана Культцентр-Чөгөм-Загара унаа жолдору жабылды

Ак-Терек - Папан - Кожо-Келең унаа жолунун 38-чакырымында, Культцентр-Чөгөм-Загара унаа жолдорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Алардын көлөмү такталып, унаалар үчүн жол убактылуу жабылды. Кульцентр-Чөгөм-Загара унаа жолунун 10-чакырымынан 17-чакырымына чейин сел жүрүп, ал жерде унаа кыймылы жабылган. Учурда авариялык абалды жоюу максатында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдордун аталган тилкелеринде унаа айдоого коркунуч бар экенин эскертти. 

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="108480,108482,108481"]