SerepTV Logo

Санкт-Петербургдагы мушташта кыргызстандык жигит бычактан жаракат алды

Санкт-Петербургдагы мушташта кыргызстандык жигит бычактан жаракат алды
Санкт-Петербургда Кыргызстандын 19 жаштагы жараны бычактан жаракат алды. Орусиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, окуя 9-апрелде парктардын биринде болгон. Жабырлануучу ошол күнү достору менен паркта жүргөн. Аларга 6 адам (жаш жигиттер) жолугуп, алардын ортосунда уруш чыккан. Жабырлануучуга бычак сайылгандан кийин окуянын катышуучулары ал жерден качып кетишкен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүү эртеси кармалып, Өзбекстандын 25 жаштагы жараны экени такталды. Ден соолукка оор жаракат келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
edita