SerepTV Logo

Санкт-Петербург шаарынын тургунуна кол салды делген кыргызстандыктар акталды

Санкт-Петербург шаарынын тургунуна кол салды делген кыргызстандыктар акталды

Санкт-Петербургда шаардын тургунун тоногон деп айыпталган үч кыргызстандык акталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта, тиешелүү чечимди Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе райондук соту 5-июлда чыгарганы айиылат. Алар кылмыш ишинин курамы жоктугу үчүн акталышкан. Кыргызстандыктар сот залынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын февраль айынан бери камакта болчу. Буга чейин Санкт-Петербург шаарында аял кишиге куралдуу кол салган деген шек менен 3 кыргызстандык кармалганы маалымдалган.