Салык кызматындагы аткаминер жеке ишкерлерден пара алып жүргөнү аныкталды
Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкерлерден пара алган туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Б.Т.Т. мыйзамсыз каржылык жактан баюуга багытталган, кол алдындагы кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъектилеринен системалуу түрдө акча алуу түрүндө коррупциялык схема түзүлгөн.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана аталган салык кызматынын инспекторлору менен башчынын ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды.
2021-жылдын 30-мартында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Б.Т.Т. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, опузалап пара талап кылуу жана ишкердик субъектилеринен пара алуу сыяктуу коррупциялык схемалар салык кызматынын башка аймактык бөлүмдөрүндө дагы орун алып, бул жалпы мамлекеттик башкарууга көлөкөсүн түшүрүп, ички инвестициялардын кетип калышына алып келүүдө.
"Буга байланыштуу, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттер болгон учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коомдук кабылдамасынын 66 00 20 номерине, же Whatsapp 0501 66 00 20 ишеним телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз», -дешет мекемеден.
[video width="640" height="360" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/vid-20210331-wa0006.mp4"][/video]